Бишкекте Табылды Эгембердиевдин элесине арналган эл аралык жаа атуу мелдеши башталды

3 сентябрь 2019 10:22 2153 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкекте жаа атуу спорту боюнча эл аралык мелдеш болот. Мелдеш  коомдук ишмер Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган. Мелдеш «Дордой» футбол комплексинде өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Мелдешке Азербайджан, Бангладеш, Бириккен Араб Эмираттары, Грузия, Казакстан, Кувейт, Орусия, Өзбекстан, Судан жана Тажикстандан келген мергенчилер катышат. Ал эми Кыргызстандан 10 жаачы күч сынашат.

Мелдеш Жаа атуу федерациясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги, «Супара» этнокомплекси жана «Шоро» компаниясынын демөөрчүлүгү менен өтүп жатат. Бул иш-чарага "Дордой" бирикмеси дагы кол кабыш кылууда.

Табылды Эгембердиевдин жаркын элесине арналган жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш эки жылда бир өткөрүлүп келет. 6-сентябрда саат 10:00дөн 13:00гө чейин өтчү мелдеш жыйынтыкталат.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-ii-el-aralyk-zhaa-atuu-meldeshi-bashtaldy



Добавить комментарий