Бишкекте эң бийик имараттын долбоорун сунушташты. 37 кабаттуу бизнес-борбор курулат

5 июнь 2018 00:05 794 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык архитекторлор Бишкектин түштүк тарабында салына турган эң бийик имараттын долбоорун сунушташты. 37 кабаттуу бизнес-борбор курууну атамекендик курулуш компаниялардын бири көздөп жатат. Бул тууралу бүгүн, 4 июнда, «Ак-Башат» долбоордук интитуттан Barometr.kgге кабарлашты.

«Курулуш ишкананын сунушу боюнча биздин архитекторлор жаңы эл аралык стандарттагы бизнес-борбордун долбоорун иштеп чыгышты. Долбоорду түзүүдө архитекторлор Ысык-Көлдүн толкундарын көрсөткүсү келген. Ар бир келген чет мамлекеттик коноко Ысык-Көлгө барбастан Кыргызстандын символун жана сыймыгын тартуулайт», - дейт «Ак-Башат» долбоордук интитуттун архитектору Жаныбек Заирбеков.

Келечекте аталган имаратта заманбап кеңселер, конференц жана көргөзмө залдар болот. Имараттын дагы бир өзгөчөлүгү – күн панелдер. Жайкысы панелдер аркылуу күн кубаты иштетилип, электр кубаты үнөмдөлөт.

Бизнес-борборду курууда конструкторлор сапаттуу курулуш материалдар колдоно турганын да белгилешти.

«Биз түзүп берген долбоор боюнча, жер титирөөгө туруктуулук бере туруш үчүн эң сапаттуу бетон керектелип, көптөгөн болот конструкциялар орнотулат. Имараттын сырты айнектен болот», - дейт Жаныбек Заирбеков.

Анын айтмында, ар бир бөлмөдө да өрткө каршы сигнализациялар орнотулат.

«Азырынча имараттын аты жок. Эгерде сунуштар болсо, аларды кабыл алууга даярбыз», - деп белгиледи долбоордун жетекчиси. Долбоордун видеосун бул жерден көрүүгө болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-e-bijik-imarattyn-dolboorun-sunushtashty-37-kabattuu-biznes-borbor-kurulat



Добавить комментарий