Бишкекте, Чүй облусунда "кызылча" менен ооругандар көбөйдү

2 октябрь 2018 11:30 1026 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Саламаттыкты сактоо министрлигиин билдирген маалыматы боюнча жыл башынан бери кызылча оорусуна чалдыккандардын саны 429га жеткен.

Бейтаптардын көпчүлүгү Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары.

Бул ооруу менен "кызамыкка каршы" эмделбеген жаңы төрөлгөн ымыркайлар менен 5-6 жаштагы наристелер жабыркоодо. Көпчүлүк учурда сасык тумоо болгондо ооруканага жатып, кызылча оорусун жуктуруп алышууда.

Учурда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасы бейтаптарга толуп калган. Аталган оорукана 400 адамга ылайыкталган. Ал эми дарылануучулардын саны 470ке жетти. Палаталарга батпай калган бейтаптар коридорлордо жатып дарыланышууда.

Быйылкы жылы Кыргызстанга кызылча оорусуна каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 30 миң доза вакцина алынган.

Эске салсак, 2015-жылы кызылчанын эпидемиясы күчөп, өлкө боюнча 800дөн ашуун киши ооруган.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-chj-oblusunda-kyzylcha-menen-oorugandar-kbjd



Добавить комментарий