Бишкекте биринчи жолу электромобилдердин жүрүшү өттү (видео)
Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарынын 143 жылдыгына карата электромобилдердин жана электромотоциклдердин жүрүшү болуп өттү.
Маалым болгондой, Кыргызстанда 200дөн ашык электромобилдер каттодон өткөн. Анын 150сү Бишкек шаарында.
"Мен гибриддик унаалардын саны көбөйүп жаткандыгына кубанычтамын, анткени, бул унаалар айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбейт", - деди Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов.
Жүрүш “Ден соолук” сейил багынан башталып, Чыңгыз Айтматов кең көчөсү менен Масалиев көчөсүнө көтөрүлүп, ал жерден чыгышка карай Токомбаев жана Жетикашаева көчөлөрүнүн кесилишине чейин барып, “Ден соолук” сейил багына кайтуу менен аяктады.
Шаардыктардын коопсуздугу үчүн айдоочуларды МАИнин 5 унаасы жана эки "Тез жардам" унаасы коштоп жүрдү.
Жүрүштүн маршруту боюнча жолдун унаа жүрүү бөлүгү жарым-жартылай чектелип, колонна өткөндөн кийин жолдор ачылып жатты.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-birinchi-zholu-elektromobilderdin-zhrsh-tt-video
Добавить комментарий ×