Сот Кой-Таш окуясы боюнча "Альфанын" жоокерлерин суракка алды

14 сентябрь 2020 18:35 1023 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму 16-сентябрга саат 10:00гө жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Бүгүнкү сот отурумунда КРнын УКМКнын атайын багыттагы кызматынын “Альфа” кызматкерлеринин арасынан жабырлануучулар Б.Бакытов жана С. Султанов каймана аттары менен суралды.

Андан сырткары, КРнын Жазык-процесстик кодексинин 274-беренесинин талабына ылайык, сот тарабынан иштин соттук териштирүү жана айыпталуучуларга карата тандалган бөгөт коюу чарасынын мөөнөттөрү эки айга узартылды.

Андан сон, жумуш убактысы бүткөндүгүнө байланыштуу сот отуруму 16-сентябрга саат 10:00гө жылдырылды

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-birinchi-maj-rajonduk-sotunda-koj-tash-okuyasynyn-zhazyk-ishi-karaluuda



Добавить комментарий