Бишкекте белгисиз адамдар кассирди токмоктоп, дүкөндү тоноп кетишти

29 апрель 2019 11:35 970 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте эки белгисиз адам «Супер Арзан» дүкөнүн тоноп, кассирди токмоктоп кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.  

 Маска тагынган эркектер дүкөнгө жулунуп кирип келишкен. 

“Алар кассирди жана дүкөндүн күзөтчүсүн белгисиз курал менен коркутуп, аларды токмоктошкон.Тоноочулар болжол менен 35 миң сомду алып, качып кетишкен. Учурда Кылмыш кодексинин “тоноо” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө башталды”,-деп кабарлашты ШИИБден.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-belgisiz-adamdar-kassirdi-tokmoktop-dknd-tonop-ketishti



Добавить комментарий