Бишкекте 7-10 айлык наристелер ортосунда чемпионат өтөт

17 май 2019 09:35 703 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уюштуруучулардын айтуусунда, Бишкекте ар жыл сайын али баса элек наристелер ортосунда «Эмгектегендердин чемпионаты» өтөт.  Быйылкы иш-чара 18-май күнү саат 16-00дө Bishkek Park соода борборунда болоору кабарланды.

Эрежеге ылайык, «Жарышка» 7-10 айлык наристелер катыша алат жана алар 3 минутанын ичинде 10 метр жерди эмгектеп өтүшү керек. Ата-энелерге балдарын алаксытууга, үндөөгө, чакырууга тыюу салынат. Жеңүүчүлөрдү кыздардын жана эркек балдардын арасынан тандап алышат. Ошондой эле «Жалындуу балакай», «Мыкты колдоо тобу» жана «Эң мыкты кызыктыргыч» номинацияларына белектер бар.  

Эгер наристелер кандай жарышаарын көргүңүз келсе 2017-жылдагы бул видеону көрүңүз.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-7-10-ajlyk-naristeler-ortosunda-chempionat-tt



Добавить комментарий