Бишкекте 2- ноябрь күнү “Маданият кызматкерлеринин күнү” белгиленет

31 октябрь 2019 13:48 738 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 2- ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала концерт  өтөт.

Майрамдын алкагында Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери “Кызыл килем” аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат.

Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе жаткан жаш сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун, жаш кол өнөрчүлөрдүн, жаш акын- жазуучулардын    көргөзмөсү орун алып, жалпы маданият тармагы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, иш чаранын алкагында жаш актер –актрисалардын катышуусу менен театрлаштырылган пролог коюулат.

10:00 – Кызыл килемден өтүү;

10:30 – Жаш кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү;

11:00 – Майрамдык салтанат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы  жалпы кызматкерлердин саны 11 508 адамды түзөт.  Алар, филармония, цирк, консерватория,  китепканалар, музейлер, театрлар, музыкалык окуу жайлар, облустук телерадиокомпаниялар, облустук жана райондук гезит редакциялары,  кинодирекциялар жана башка мекемелер болуп эсептелет.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-2-noyabr-kn-madaniyat-kyzmatkerlerinin-kn-belgilenet



Добавить комментарий