«Бишкекбашкыархитектуранын» бөлүм башчысы 1500 доллар пара менен кармалды

30 апрель 2019 15:44 1080 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишкананын бөлүм башчысы ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде УКМКнын коррупцияга каршы күрөшү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын алкагында, «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы К.М. (46 жаштагы) 1500 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан учурунда кармалды.

Такталган боюнча, кармалган адам Арча-Бешик жаңы конушунун жер участокторунун курулушуна уруксат берүү документтерин жоктугун билип, тургундарды коркутуу менен 10 миң. АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылган. Анын 2000 миң АКШ долларын 2018-жылдын аягында алган.

Материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки териштирүүнүн негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekbashkyarhitekturanyn-blm-bashchysy-1500-dollar-para-menen-karmaldy



Добавить комментарий