Бишкек жылуулук электр борборундагы көрүнүш. Асманды буу каптады

29 октябрь 2020 15:18 997 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 29-октябрда Бишкек ЖЭБинен катуу үн чыгып, анан асманды коюу буу каптаганын калаа тургундары соцтармакка жазып чыгышты. Бул тууралуу "Улуттук энергетикалык холдингдин" түшүндүрмө берди.

“Улуттук энергетикалык холдингдин” айтымында, окуяга күбө болгондор байкаган түтүн буу казан агрегаттарынын иштен чыгышына жол бербөө максатында коргонуучу жабдыктарынан чыккан.

"ЖЭБдин жогорку чыңалуудагы тармактарында системдик авария болду. Авариялык абалдын улануусун болтурбоо максатында энергетикалык системде коргоо системи ишке кирген. Шаар тургундары тарабынан айтылып жаткан ЖЭБден чыккан коюу түтүн жылуулук казандарынан чыгарылган буу. Бул казан агрегаттары иштен чыкпоо үчүн жасалган. Учурда системдик авриянын себептери такталууда" , - дешти  "Улуттукэнергетикалык холдингдин" маалымат кызматынан.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-zhyluuluk-elektr-borborunda-avariya-bolup-asmandy-buu-kaptady



Добавить комментарий