Бишкек-Торугарт жолунда унаа толугу менен күйүп кетти

19 март 2019 11:43 1325 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын областынын Жаңы-Жол айылында жолдо бара жаткан унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

Аталган маалыматка таянсак, «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда бара жатканда кырсыкка учураган.

Өрттүн себеби коопсуздук эрежелерин сактабагандан улам келип чыккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-torugart-zholunda-unaa-tolugu-menen-kjp-ketti



Добавить комментарий