Бишкек ШИИБ: Милиционер балтаны уурдаган эмес

21 июнь 2019 16:24 1964 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Милиционер балтаны уурдаган эмес, ал аны кафенин ээсинен сурап алган. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда милициянын кызматкери балтаны жеңине катып бара жаткан видео тууралуу комментарий берип Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы кабарлады.

Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен бул видео Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын жыйынынын учурунда тартылганы белгилүү болгон. Милция кызматкерлери кызматын күчөтүлгөн режимде өтөп жана күнү-түнү коомдук коопсуздукту камсыз кылыш керек эле.

ШИИБден билдиришкендей, милиция кызматкерлери трассанын жээгинде жайгашкан кафелердин биринин кожоюнуна кайрылып кургак тамак үчүн инвентарь сураган.

“Кафенин ээси оң жооп берип чарба буюмдарынын арасынан балта таап алууга уруксат берген. Кафеге кирген милиция башкаларды шектенүү пайда кылбаш үчүн аны жеңине катып чыккан. Бир аз убакыттан кийин балтаны ээсине кайтарып берген”, - деп айтылат ШИИБдин кабарында.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shiib-milicioner-baltany-uurdagan-emes



Добавить комментарий