Бишкек шаарынын Криминалдык милициясынын башчысы болуп Улан Айтбаев дайындалды

10 октябрь 2018 18:10 2742 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын Криминалдык милициясынын башчысы болуп  Улан Айтбаев дайындалды.  Бул тууралуу ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. 

Маалым болгондой, тиешелүү буйрукка ички иштер министри Кашкар Жунушалиев кол койду. 

Улан Айтбаев Ички иштер министрлигинин академиясын аяктаган. 1996-жылы Ленин районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynyn-kriminaldyk-miliciyasynyn-bashchysy-bolup-ulan-ajtbaev-dajyndaldy



Добавить комментарий