Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу автоунааларга убактылуу жабылат
Бишкек-Ош жолу жүк ташуучу автоунааларга убактылуу жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттигинин маалыматына ылайык, 16-марттан 18-мартка чейин "Бишкек-Ош" унаа жолунун тоолуу аймактарында Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, кар жаашы күтүлөт.
Жол кырсыктарын алдын алуу, адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык зыян келтирилген жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлөт, ага байланыштуу 17-март күнү эртең мененки саат 06:00дөн, кечки саат 22:00гө чейин Бишкек - Ош унаа жолунун аталган бөлүгүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилет.
Оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларын түшүнүү менен кабыл алып, профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү учурунда жогорудагы багыт боюнча пландаштырылган кыймылын кийинкиге калтырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zholu-zhk-tashuuchu-avtounaalarga-ubaktyluu-zhabylat
Добавить комментарий ×