Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек аба каттамдарынын графиги жылдырылды

9 октябрь 2019 12:31 812 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 9-октябрда «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунда, «Эйр Манас» авиакомпаниясынын Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдарынын учуу убактылары техникалык себептерден улам жылдырылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Өзгөрүүгө туш болуп токтотулган каттамдар:

193-каттам Бишкек-Ош, убактысы - 7:35
194-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 9:50
197-каттам Бишкек-Ош, убактысы 12:00
198-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 13:50
205- каттам Бишкек-Ош, убактысы - 16:00
206-каттам Ош-Бишкек, убактысы - 18:10

Учуулардын убактысы боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын өкүлдөрүнө 0770781391 уюк телефону аркылуу кайрылып, тактап алса болот.

25-сентябрда да «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы бузулуп калып, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдары токтотулган. Компаниянын бир гана учагы бар.

2018-жылдын аягындагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 36 учак бар. Анын тең жарымы жараксыз. «Авиатраффик», «Эйр Манас», «Тез Жет» авиакомпаниялары гана жүргүнчү ташуу укугуна ээ.

 Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек-Ош  аба каттамдары аркылуу убагында уча албай калган жарандар нарызчылыгын билдирип жазышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-zhana-osh-bishkek-aba-kattamdarynyn-grafigi-zhyldyryldy



Добавить комментарий