Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кала жаздады

14 январь 2019 10:04 1336 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Ош унаа жолунда май ташып бара жаткан  “Freightliner” үлгүсүндөгү күйүүчү оор жүк ташуучу унаа оодарылып кете жаздады. Тактап айтканда, жолдун боюна капталынан туруп калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жол кырсыктан айдоочу жабыркап, жакынкы аралыктагы ооруканага жеткирилген. 

Маалыматта айтылгандай, окуя 2019-жылдын 13-январь күнү саат 19:00 чамасында катталган. Жол боюнда оодарылып калган унаа башка унаалардын өтүүсүнө тоскоолдук жараткан эмес. 

Кырсык болгон жерге  өрт коопсуздугун сактоо максатында КР ӨКМнин Кара-Көл шаардык өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барган. Маалыматка ылайык, өрт катталган эмес.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholunda-kjch-oor-zhk-tashuuchu-unaa-oodarylyp-kala-zhazdady



Добавить комментарий