Бишкек-Ош унаа жолу эки тараптуу ачылды
Бөлүшүү:
Жайыл районундагы «Сосновка» постунан өтүү эки тарапка тең ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.
Буга чейин, аба ырайына байланыштуу Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашуулары аркылуу бардык унаалар үчүн кыймыл чектелген.
Учурда “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери Бишкек-Ош унаа жолунун айрым жерлерин кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholu-eki-taraptuu-achyldy
Добавить комментарий ×