Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн да жабылат

30 март 2019 15:08 1007 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек-Ош унаа жолу бүгүн саат 18:00дө тарта жабылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” постунан, Өтмөк (Талды Булак) ашуусунан бүгүн саат 18.00дөн 31-марттын саат 06:00 гө чейин, ал эми “Арал” постунан 19.00дөн 31-марттын саат 06.00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат. Бул иш-чара Бишкек-Ош унаа жолунда туруксуз аба-ырайынын натыйжасындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу болууда. Андыктан,Бишкек-Ош унаа жолунун убактылуу жабылышына түшүнүү менен кабыл алууну суранабыз.

Бишкек-Ош жолунда мезгил мезгили менен туман болууда, жана кээ бир участкаларда таш кулоо коркунучу жаралууда.

Ал эми “Сосновка”, “Арал” постторунда ӨКМ тарабынан жылынуучу жана ысык-тамак берилүүчү жайлар уюштурулган. Андыктан, аталган себептерден улам сапарга чыкпооңуздарды эскертебиз. Маалымат алуу үчүн 112 кызматына байланышыңыз, чалуу акысыз.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-osh-unaa-zholu-bgn-da-zhabylat



Добавить комментарий