"Бишкек" ЭЭЧнүн аймагында алтынды мыйзамсыз иштеткен фирма табылды

26 январь 2022 11:02 780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды.

Атап айтканда, Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен "Бишкек" ЭЭЧнүн  аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулуу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.

Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси “Коррупция” менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-eechnn-ajmagynda-altyndy-myjzamsyz-ishtetken-firma-tabyldy



Добавить комментарий