Кубатбек Боронов Баткен облусуна барды
Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр кыргыз-өзбек чек арасына чектеш аймакта чыккан окуя боюнча Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуу өткөрөт.
Ошондой элек Кубатбек Боронов укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусундагы ыкчам кеңешме өткөрөт.
Учурда абал жөнгө салынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коопсуздук чараларын күчөттү.
Тиешелүү органдар жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө
Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-vice-premer-ministr-kubatbek-boronov-batken-oblusuna-bardy
Добавить комментарий ×