Биринчи май райондук сотуна жаңы судьялар дайындалды

21 июль 2020 14:35 809 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы судьяларды дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

КРнын Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан президентке 10 талапкер боюнча сунуш келип түшкөн. Жээнбеков аларды карап чыгып, тогузунун талапкерлигин жактырды. Бир талапкер боюнча материалдарды кеңешке кайтарды. 

Дайындалган судьялардын тизмеси:

Боромбаев Абдуразак Эсентаевич;

Жаныбек кызы Венера;

Исаева Кундус Кедейкановна;

Каипов Эмилбек Өскөнбаевич;

Калыбаев Алмаз Жээнкулович;

Сатарова Айнура Мелисовна;

Сыдыков Марат Райымбекович;

Термечиков Мирлан Арстанбекович;

Уметова Айгүл Таштанбековна.

Белгилей кетсек, жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.



Ссылка: https://barometr.kg/birinchi-maj-rajonduk-sotuna-zhay-sudyalardy-dajyndaldy



Добавить комментарий