Жалпы орто билим жөнүндө аттестатты система аркылуу алса болот

4 ноябрь 2019 16:05 1332 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Бирдиктүү терезе” системасында документтерди берүүнү киргизүүдө.

“Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо Концепциясын, “2019-жыл - Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу алкагында “Бирдиктүү терезе” системасы” аркылуу төмөндөгү кызматтарды киргизүүдө:

- жалпы орто билим жөнүндө аттестаттын/жалпы негизги билим жөнүндөгү күбөлүктүн түп нускасынын көчүрмөсүн берүү;

- чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билим жөнүндөгү   документтердин Кыргыз Республикасынын билим берүү системасына ылайык шайкештик деңгээлин далилдеген маалымкатты берүү;

- Мугалимдердин айлык акысы тууралуу маалымкатты берүү;

- Окуучунун окуп жаткандыгы тууралуу маалымкатты берүү;

- Мугалимдин иштеп жаткандыгы тууралуу маалымкатты берүү;

 “Бирдиктүү терезе” системасы пилоттук негизде Баткен, Каракол, Нарын шаардык БББдө уюштурулат.

Бул система 2020-жылдын 1-февралынан баштап баардык райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө киргизилиши керек. 

Ссылка: https://barometr.kg/birdikt-tereze-sistemasy-pilottuk-negizde-batken-karakol-naryn-shaardyk-bbbd-uyushturulat



Добавить комментарий