Футболчуларга арналган концерттеги ырчыларга мамлекеттин казынасынан акча төлөнбөйт
Маалым болгондой бүгүн борбордук аянтта Кыргызстандын футбол курама командасына арналган концерттик программа болмокчу, тактап айтканда футболчулардын күйөрмандар менен жолугушуу кечеси өткөрүлүүдө. Кечеде кыргыз эстрадасынын жылдыздары ырдашат.
Ырчылар интернет баракчаларына концертке бараарын жана аларга "спонсорлор" акча төлөп берээрин айтышууда.
Анткен менен ырчы Жийдеш Идирисованын жолдошу инстаграмдагы жеке баракчасына жубай жана ырчылар бекер ырдайт деп жазды.
Бул маалымат соцтармакта кызуу талкуу жаратты.
"Бүгүнкү футбол курама командабыздын урматына уюштурулган концертте ырчыларга мамлекеттик бийлик тарабынан акча төлөнөт деп ойлогондор, бардык артисттер бекер ырдашат! Акчага эмес! Андыктан жаман сөз айтуунун кереги жок" - деп жазды.
Добавить комментарий ×