Бүгүн ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болушу мүмкүн
Бөлүшүү:
Бүгүн, 3-февралда, күндүз Чүй облусунун кээ бир тоолуу райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдор тоңуп тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-yldamdygy-sekundasyna-20-metrge-zhetken-shamal-bolushu-mmkn

Добавить комментарий ×