Бүгүн тоолуу аймактарда кар жаайт

2 сентябрь 2018 12:45 1664 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, өлкө аймагындагы айрым тоолуу жерлерде кар жаайт. Ал эми Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөп кескин түрдө абанын  муздашы сезилет. 

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта 17…22 градус жылуу болору айтылды. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүн табы 24…29 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 17…22 градус жылуу болот.

Бишкекте ала булут каптап, жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 17…19 градуска жетет. Ал эми Ош шаарында күн ачык болуп, 26…28 градус жылуу болору болжолдонду.



Ссылка: https://barometr.kg/bgn-tooluu-ajmaktarda-kar-zhaajt



Добавить комментарий