Бүгүн Ош облусунун аймагында жер титиреди. Жабыркагандар жок

21 январь 2019 17:09 1193 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 21-январда  15:15тер чамасында  Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. 

Маалыматта жазылгандай, Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке, Чымбай, Өзгөн, Кароол айылдарында - 3 баллга, Красный Маяк, Кара-Кочкор, Кеңеш, Кандава айылдарында – 2,5 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-osh-oblusunun-ajmagynda-zher-titiredi-zhabyrkagandar-zhok



Добавить комментарий