Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн жылуу болот
Бөлүшүү:
Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча 22-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Талас өрөөнүндө +1 градус, ал эми Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарында +5 градус жылуу болот.
Ысык-Көл аймагында -3, Нарын жергесинде -9 градуска чейин суук болору айтылды.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Ош шаарында +4, Бишкекте +3 градус болору болжолдонот.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-lknn-kpchlk-ajmaktarynda-kn-zhyluu-bolot
Добавить комментарий ×