Соттор экстремизм жана терроризмге каршы чыгышты

24 январь 2020 18:46 1072 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бүгүн “Экстремизм жана терроризмге байланышкан  иштер боюнча соттук практиканы изилдөө” темасында тегерек стол уюштурулду.

Иш чарага Кыргыз Республикасынын  Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев, Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын жана  жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле “Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин мүчөлөрү  катышышты. 

“Аял-судьяларынын кыргыз ассоциациясы” Коомдук бирикмесинин эксперттери 2014-2018-жылдарга карата экстремизм жана терроризмге байланышкан  иштер боюнча  соттук практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары, алар боюнча экспертизаны жүргүзүүнүн практикасына сереп салышып, ушул багыттагы иштер боюнча соттук практиканын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча тыянактар менен сунуштар боюнча презентация жасашты.  Изилдөөнүн негизги милдеттерине  соттор тарабынан жазык иштерин кароодо  адамдын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин  бузулушун, укук коргоо органдары менен сот адилеттиги институттарынын  өз ара аракеттенүүсүндөгү  мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү аныктоо, терроризм жана экстремизмди алдын алуу жана  бөгөт коюу  боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан мамлекеттик органдар  менен  Жогорку сотко соттор тарабынан укук ченемдерин бирдиктүү колдонуу боюнча соттук практиканы  мындан ары жалпылоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу каралган. 

Жогорку соттун судьялары  эксперттер тарабынан   изилденип чыккан анализдер боюнча  алгылыктуу  иштер жасалгандыгын жана  бул бирдиктүү соттук практиканы  жүргүзүүгө жардам болорун белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ekstremizm-zhana-terrorizmge-bajlanyshkan-ishter-boyuncha-sottuk-praktikany-izild-temasynda-tegerek-stol-uyushturuldu



Добавить комментарий