Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекет башчыларынын саммити башталды. Бишкек шаарына ШКУга катышкан баардык өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттердин башчылары келишти.
ШКУнун курамына сегиз мамлекет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.
Байкоочу катары Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия саммите катышууда. Быйыл саммитке Кыргызстан төрагалык кылып жатат.
Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун жыйынын 500дөн ашык журналисттер чагылдырмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-bishkekte-shanhaj-kyzmattashtyk-uyumunun-sammiti-bashtaldy
Добавить комментарий ×