Бүгүн "Ак калпак күнү" майрамыңыздар менен
Бөлүшүү:
Бүгүн, 5-март Кыргызстанда "Ак калпак күнү" белгиленүүдө. Бул күн майрам катары расмий түрдө 2016-жылдан бери белгиленип келет.
Бул күндүн майрам катары белгиленип калышына режиссёр Рысбек Жабировдун демилгеси себеп болгон. Ал кыргыз элинин кылымдан-кылымга сакталып, мурас катары калган улуттук баш кийимин аздектөө, кыргыз элинин баалуулугу катары баалоо максатында сунуш киргизген.
2011-жылдын 5-мартынан бери уюштурулуп келе жаткан бул майрам жыл сайын өзгөчө шаң менен, ар түрдүү иш чаралар менен коштолуп өткөрүлүп келет.
Barometr.kg сайтынын жалпы жамааты баарыңыздарды "Ак калпак күнү" менен куттуктайт!
Ссылка: https://barometr.kg/bgn-ak-kalpak-kn-majramyyzdar-menen
Добавить комментарий ×