Бүгүн "Адабият күнү" долбоору кабыл алынганына 7 жыл болот

12 декабрь 2018 12:41 1183 Сара Мики
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Быйыл маркум жазуучунун 90 жылдык мааракеси белгиленүүдө. Ушул эле күнү кыргыздын наватор акыны Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда узакка созулган илдеттен улам көз жумган.

Бүгүн, 12-декабрь "Адабият күнү" белгиленет. Бул тууралуу долбоор 2011-жылдын 12-декабрында кабыл алынган.

Мындай демилгени көтөрүп чыккан ошол кездеги КСДП фракциясынан депутат Эгемберди Эрматов 12-декабрь белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү болгондуктан адабият күнү катары тандалып алынганын билдирген. Улуттук адабият күнүндө жазуучулар менен жолугушуулар өткөрүлүп, мыкты жазуучу жана драматургдарга сыйлыктар берилет. Айрыкчы бул күнү Жазуучулар союзу жылдык отчетун берет.


Ссылка: https://barometr.kg/bgn-adabiyat-kn-dolbooru-kabyl-alynganyna-7-zhyl-bolot



Добавить комментарий