Бүгүн 30-августта айрым аймактарда түнкүсүн муздак болот

30 август 2018 12:00 994 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүзү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Ал эми борбор калаабыз Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 23...25 градус болот.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-30-avgustta-tnksn-muzdak-bolot



Добавить комментарий