Беш-Күңгөйдө айдоочуга ок атып, 310 миң долларын тоноп кетишти
Бишкектин чет жакасындагы айылда айдоочуга кол салышып, 310 миң долларын алып кетишкен. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты.
Бүгүн, 6-мартта Аламүдүн районунунун ички иштер бөлүмүнө маалымат түшкөн. Ага ылайык милиция кызматкерлери Беш-Күңгөй айылында "Тойота-Харриер" унаасынын айдоочусуна каракчылар кол салып, 310 миң долларын тартып алышканын аныкташты.
Унааны 53 жаштагы адам айдап бара жаткан, жанында анын 57 жаштагы аялы болгон.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, "Субару-Форестер" унаасы алардын жолун тороп алып, анда эки белгисиз адам чыккан жана курал колдонуп, акчаны тартып алышкан.
Учурда тоноочуларды издөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/besh-kgjd-ajdoochunun-310-dollaryn-tonop-ketishti
Добавить комментарий ×