Бельгиянын ооруканасында коронавирус менен робот күрөшүүдө (Видео)

12 июнь 2020 17:28 1081 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ааламды каптаган вирус менен медицина кызматкерлери күрөшүп жатканда, жардамга роботтор келүүдө. Бул тууралуу маалымат «Euronews” социалдык баракчасына жайгаштырылды.

Бельгия Королдугунун Антверпен университетинин ооруканасында темир кызматкер жумушка алынды. Анын жардамы чоң жана коопсуз. Бейтапканага кирген робот тарабынан коргоочу беткап, денет табы текшерилет. Коронавирустун симптомдору аныкталбаса гана, ал кызматкер уруксат берип, сиз оорукананын имаратына кире аласыз.

"Cruzr Health" аталышындагы роботту ишке алуу менен оорукана жумушчу күчүн жана каражатын үнөмдөйт. Анын ижара акысы айына 1000 евро. Ал 34 тилде эркин сүйлөйт.

“Албетте, силер сурашыңыр мүмкүн “Ал коронавирусту аныктай алабы деп?”, жок аныктай албайт. Бирок, дени табы көтөрүлгөнгө байланыштуу дарттарды аныктайт” -  деди аталган оорукананын менеджери.

"Cruzr Health" азырынча коронавирус менен күрөшүп жаткан жалгыз робот.


Ссылка: https://barometr.kg/belgiyanyn-oorukanasynda-koronavirus-menen-robot-krshd-video



Добавить комментарий