Белгилүү теле алып баруучу Нуржамал Бурханова Black Latte компаниясына нааразы болду

30 октябрь 2018 13:45 3453 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү теле алып баруучу Нуржамал Бурханова Black Latte компаниясына нааразы болду. Тек-жайы белгисиз бул компания  өзүнүн продукцияларын реклама кылыш үчүн тележылдыздын сүрөтүн колдонуп, ага кошумча  "Компаниянын продукциясын ичип 25 килограммга арыктадым"-деген алып баруучунун сөзү менен реклама чыгарган. 

Бурханова: "Мен бул компаниядан продукция алып ичкен эмесмин, билбейм дагы, эч кандай байланышым жок, азыркы заманда өзүнүн товарларын реклама кылыш үчүн элдер эмнеге гана барбайт"-деген нааразы пикирин жазып Фейсбуктагы жеке баракчасы менен бөлүштү. 

Алып баруучунун айтымында компания менен байланышып, сураганда Россияда экенин айтып, ал рекламаны өчүрүп кое албай тургандыктарын билдиришкен. 

Ал эми интернет колдонуучулар биздин элге таанымал адамдарыбыз менен Россиядагы компаниянын кандай тиешеси бар. Кыргызстандагы эле компаниялардын бири болушу мүмкүн деген күмөн саноолорун айтышууда. 


Ссылка: https://barometr.kg/belgil-tele-alyp-baruuchu-nurzhamal-burhanova-black-latte-kompaniyasyna-naarazy-boldu



Добавить комментарий