Белгилүү коомдук ишмер Корчубек Акназаров дүйнөдөн кайтты
Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Корчубек Акназаров 1922-жылы 1-августта Талас областына караштуу Бакай-Ата районунун Кызыл Октябрь айылында туулган. Эмгек жолун 1941-жылы айылдык жети жылдык мектепте мугалим болуп иштөө менен баштаган.
Улуу Ата Мекендик Согушка катышып, Немецтик баскынчыларды талкалоодо Польшага чейин барган. Кийин Кыргыхстан Коммунисттик Партиясынын бир катар райондук комитеттерде жетекчилик кызматтарды аркалаган. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетине бир нече жолу мүчө болуп шайланган.
Ал Кыргыз ССР Жогорку Советине бир нече жолу депутат болуп шайланган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин да парламентке депутат болгон.
Коомдук ишмер, Улуу Ата мекендик Согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин Баатыры Корчубек Акназаров 97 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Буга байланыштуу мамлекет жетекчилери көңүл айтты.
Анда Корчубек Акназаровдун ысымы мамлекетибиздин калыптанышына, социалдык-экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон улуу инсандардын катарында Кыргызстандын тарыхына жазылып калары, анын өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, адамдык бийик парасаты, талыкпаган эмгекчилдиги жана жупунулугу баарыбызга үлгү, сабак болору айтылат.
Иш билги жетекчи жана уюштуруучу, эл кызыкчылыгын баарынан жогору койгон мыкты инсан Корчубек Акназаровдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат, деп айтылат өлкө жектечилеринин көңүл атуусунда.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында 3-февралда саат 11.00дө өткөрүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/belgil-koomduk-ishmer-korchubek-aknazarov-djndn-kajtty
Добавить комментарий ×