Аялынан кызыгуусу тараганда четтен көңүл ачуу деген исламда жок

23 ноябрь 2019 12:31 16191 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ар түнү эркек менен аял төшөк  мамилеге көңүл буруулары керек. Бирок аптанын ичинен бейшембидеги түн таттуу сезимдерди тартуулайт.

Мусулмандарда түн биринчи эсептелингендиктен, бул түн жума кечеси деп айтылат. Жума аптанын улуу күнү болгондуктан, бул түнү адамдарды периштелер курчап турушат. 

Укуктар жана милдеттер Ислам дининдеги бирден бир өзгөчөлүк – төшөк мамиле байланыш никеде гана болуусу керек. Аялынан кызыгуусу тараганда четтен көңүл ачуу деген исламда жок. Ошондуктан жубайлар төшөк маданиятын сактап, бири-бирине болгон сексуалдык кызыгуусун жоготпоосу зарыл. 

Күйөөсү кандай учурда, кайсы жерде, кандай ыкмада аялын кааласа, аял бул каалоого баш ийиши керек.
Хадистердин биринде “күйөөсү төшөккө чакырса, ал эми аялы ар кандай шылтоо менен баш тартса, ал аялга периштелер түнү менен наалат айтып турат” деп айтылган. Жубайлардын төшөктөгү укугу бирдей. Аялынын кумарын кандыруудан баш тарткан эркек да жазага татыктуу. Эгерде эч себепсиз төрт ай бою күйөөсү күйөөлүк милдетин аткарбаса, анда аял күйөөсүнүн үстүнөн казыга же имамга арыз менен кайрылууга укугу бар деп белгиленген.

Ссылка: https://barometr.kg/bejshembi-kndn-tn-kumarga-batuu-zhakshy-maanaj-tartuulajt



Добавить комментарий