Баткендин милициясы Россияга ташылып бараткан 44 кг героинди колго түшүрдү. Ээси изделүүдө
Баткендин милициясы баңги затын жашыктарга салынган мөмө-жемиштерге жашырып Россияга алып бараткан жарандарды колго түшүрдү.
Бул тууралуу обасттык милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.
Анын айтымында, нарко зат ташыгандар андан ары Европага алып өтүп кете турганы аныкталды. Окуя бүгүн облустун Үч-Коргон айылында катталган.
Бул маалымат Кадамжай райондук милициясына түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында оор жүк ташуучу "Вольво" үлгүсүндөгү унаада мөмө-жемиш салынган жашыктын астына наркозаттар катылганы табылды.
Кара-Көл шаардык милициясынын жол коопсуздук кызматынын кызматкери менен Кадамжай РИИБнын биргеликте иш алып баруусунун натыйжасында "Вольво" үлгүсүндөгү унаа Кара-Көл шаарынан токтотулган.
Унаанын айдоочусу азиат улутундагы жаран 19 тонна шабдалы, кара өрүк, алмурут жүктөгөнүн жана жүктү РФга алып барарын билдирген.
Милиция кызматкерлери автоунаага тинтүү жүргүзгөндө мөмө-жемиштердин арасынан 93 даана брикет, болжол менен салмагы 44 кг 300 грамм болгон зат алынган.
Ага тиешелүү экспертизалар дайындалып, жыйынтыгында наркотикалык заттын "героин-999” түрү экендиги аныкталды.
Ал эми жүктүн ээлери Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну экени аныкталып, ал жаранга издоо жарыяланды жана анын жүргөн жерин аныктоо үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×