Баткенде сел жүрүп, короолор, огороддор кум аралаш ташка толуп калды
Бөлүшүү:
Баткендеги Кадамжай районунун Көтөрмө айылында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айылдагы үйлөрдү шагыл аралаш сел каптады. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кара-Шоро айылында жайгашкан 7 турак үйдүн огороддору да сел аралаш ташка толуп калган. Берилген маалыматтарга ылайык, үйлөргө зыян келтирилген эмес, арыктарда жана огороддордо ташка толуп калган жерлерди тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-sel-zhrp-koroolor-ogoroddor-kum-aralash-tashka-tolup-kaldy
Добавить комментарий ×