Баткенде рейд учурунда сабакка барбай интернет клубда жүргөн окуучулар аныкталды
Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мобилдик топторго бөлүнүшүп, шаар аймагындагы кафелерди, базарларды, соода-сатык дүкөндөрүн, чайханаларды жана интернет клубдарды кыдырышып, шаар аймагындагы борбордук “Айбек” базарында ата-энесинин көзөмөлүсүз иштеген 2 өспүрүмдү, интернет клубдарда убакыт өткөрүп сабакка барбай жүргөн 6 окуучуну аныктап, тийиштүү материалдарды чогултуп, социалдык кызматкерлер менен биргеликте өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине тиешелүү иш кагаздар түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, аз камсыз болуп, каттоодо турган үй-бүлөлөрдөн кабар алып, балдарына жоопкерчиликсиз мамиле жасап, аларга көңүл бурбай, эч кимдин кароосуна калтырбай, жашы жете элек өспүрүмдөрдү таштап, миграцияга чыгып кеткен 2 ата-эне аныкталган. Алардын бирөөсүнүн бир баласы, ал эми экинчи ата-эненин төрт баласы бар. Бул 5 баланы милиция кызматкерлери менен соцкызматкерлер биргеликте каттоого алышып, алар менен баарлашып, ата-энелерине билдирүүлөр жөнөтүлдү.
Бул “Лидер” рейдинин максаты жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана алардын камкордугун колдоо.
Ссылка: https://barometr.kg/batkende-lider-rejdi-tt
Добавить комментарий ×