Баткен шаарында куткаруучулар сууга чөккөн адамдын өмүрүн сактап калышты

29 июнь 2018 20:40 1400 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткен шаарында куткаруучулар сууга агып кеткен адамдын омүрүн  сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматынан билдиришти. 

Кечээ 28-июнь күнү саат14:22 чамасында Баткен облусунун Баткен шаарындагыБатырканов атындагы каналга адам түшүп, агып кеткендиги тууралуу маалымат ШИИБнөн түшкөн. КР ӨКМнин №3 өзүнчө мобильдик тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары жерине ыкчам жетип барышып  1993-жылы туулган Маматашым уулу Илгиз аттуу жаранды каналдан чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөтүп, туугандарына өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун абалы канааттандыраарлык.

Ссылка: https://barometr.kg/batken-shaarynda-kutkaruuchular-suuga-chkkn-adamdyn-mrn-saktap-kalyshty



Добавить комментарий