Башкы прокуратура: былтыр жазасын өтөө үчүн 168 жаран чет жактан алынып келген

3 февраль 2020 11:33 518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башкы прокуратура 2019-жылы укук коргоо органдарынан жана КМШ менен чет мамлекеттерден укуктук жактан жардам берүү боюнча 532 арызды караган. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

“Былтыр биздин 168 жаран жазасын Кыргызстанда өтөө үчүн чет жактан алынып келген”, — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары Кыргызстанда кармалган кылмышкерлерди чет мамлекетке өткөрүп берүү боюнча 23 арыз канааттандырылган. Ошондой эле, Башкы прокуратуранын кылмышкерлерди Кыргызстанга кайтарып берүү боюнча 75 арызы канааттандырылган.

Белгилей кетсек, ал аралык деңгээлдеги сот өндүрүштөрүн Башкы прокуратура тескеп, алып барат. Бүгүнкү күнү 20 мамлекет менен кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча эки тараптуу келишимдерге кол коюлган. Андан сырткары аймактык жана көп тармак боюнча актылардын негизинде кызматташуу да каралган.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-byltyr-zhazasyn-t-chn-168-zharan-chet-zhaktan-alynyp-kelgen



Добавить комментарий