Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановду айыптоодон баш тартты

10 март 2021 14:24 2617 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "Сыдыман" деген каймана аты менен таанымал болгон блогер Элмир Сыдымановдун соту өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, бүгүн 10-мартта сот жараянынын жүрүшүндө Октябрь райондук көзөмөл органынын мамлекеттик айыптоочусу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик айыптоодон баш тарткан.

Эске сала кетсек, Сыдыманов Элмир өткөн жылдын февраль айында өзүнүн соцтармактагы баракчасында түз эфир учурунда өлкөнүн айрым облустарында колдонулган сөздү айтып, ошол аймактын жашоочуларынын беделине шек келтирди деп коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Коомчулуктун сынына кабылган блогер күч органдары тарабынан СИЗО-1 убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Блогер тергөө органы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү менен айыпталып келген.

2020-жылдын 28-февралында ал үй камагына чыгарылган. Кийинчерек, мамлекеттик айыптоочу соттон блогерди 6 жыл эркиндигинен ажыратууну суранган.

Ага утурлай эле, жактоочу тарабынан комиссиондук соттук-лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү келтирилип, аталган өтүнүч мамлекеттик айыптоочу тарабынан колдоого алынган.

“Соттук-лингвистикалык экспертизасынын корутундусуна ылайык, Сыдымановдун аракетинде региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер аныкталган эмес”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматында.

Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-bloger-elmir-sydymanovdu-ajyptoodon-bash-tartty



Добавить комментарий