Баш прокуратура: "1-2-класстар үчүн "Математика" китептерин сатып алууда мыйзам бузулган"

3 сентябрь 2019 15:56 2773 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн башкы прокуратура 1-2-класстар үчүн «Математика» китептерин сатып алууда Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкерлери бир нече мыйзам бузууга жол беришкенин билдирди. Текшерүүдө дээрлик 90 млн. сомго жакын суммага, М.Моронун (Мария Игнатьевна Моро - орусиялык окумуштуу, методист – ред.) авторлугундагы жана башка башталгыч класстар үчүн жазылган математика боюнча окуу китебин сатып алууда «Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө» мыйзам бузулуп, техникалык спецификация иштелип чыккан. Муну менен сынакка катышуучулардын укугу бузулуп, мыйзамда көрсөтүлгөндөй бардыгына бирдей шарт, укук түзүлгөн эмес.

Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 5-августта белгилүү орусиялык математик Мария Моронун авторлугундагы 1-2-класстар үчүн математика боюнча окуу куралын сатып алууга тендер жарыялаган.

Анда министрлик бул окуу куралынын орус, кыргыз, өзбек жана тажик мектептери үчүн 289 миң даана ыңгайлаштырылган иштелмеси керек экенин билдирген. Тендердин жалпы баасы 91 миллион сомго жакын каражатты түзөт. Сынактын шарты боюнча басмаканалар орусиялык окуу куралын басуу укугун алып, аны ыңгайлаштырып, текшерип, иштеп чыгууга, нускалоого жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө чейин жеткирип берүүгө тийиш.

Азырынча Билим берүү министрлигинин маалымат катчысы буга жооп кайтара элек.

Ссылка: https://barometr.kg/bash-prokuratura-bilim-ber-ministrligindegi-myjzam-buzuulardy-bildirdi



Добавить комментарий