Банк кызматкери 1 миллион сомдон ашык акчаны уурдап алганы аныкталды
Бөлүшүү:
Ошто банктын кызматкери 1 миллион сомдон ашык акчаны уурдап алганы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой 2016-2018-жылдар аралыгында аман кассанын кызматкери жарандардын ишенимине кирип, алардан 1 миллион 289 мин сом алган. Каражат аманат алдына салынмак. Бирок банк кызматкери кардарларга жасалма документтерди берип, акчаны болсо өзүнүн жеке кызыкчылыгына короткон.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/bank-kyzmatkeri-1-million-somdon-ashyk-akchany-uurdap-algany-anyktaldy
Добавить комментарий ×