Депутаттар балык чарбасы менен аквамаданиятты өнүктүрүүнү сунушташты

21 декабрь 2019 13:08 3457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 20-декабрда «Балык чарбасы, балыкчылык жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» жана балыкчылык, балык корун көбөйтүү жана балык уулоо туризмин өнүктүрүү жаатындагы «КР айрым мыйзам актыларына («Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» мыйзамга, Бузуулар жөнүндө кодекске жана Жоруктар жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлорун талкуулаган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров баштаган депутаттар, Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин, атамекендик балык продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн, эл аралык уюмдардын ж.б өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө Балык чарбасы, балыкчылык жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жаатындагы бир катар көйгөйлөр айтылып, талкууга түштү. Иш-чарага катышуучулар балык чарбасы боюнча мыйзамдарга сунушталган түзөтүүлөр менен таанышып, сунушталган мыйзам долбоорлорунун жөнгө салуу таасири боюнча жүргүзүлгөн талдоолор менен таанышты. 

Балык чарбаларынын жетекчилери айыл чарбасын каржылоонун алкагындагы жеңилдетилген насыяларды алууда жаралган көйгөйлөрдү белгилешти. 

Ошону менен катар балык чарбасы менен аквамаданиятты өнүктүрүү, балык жемдерин өндүрүүнү өнүктүрүү, көлмөлөрдүн абалы жана өлкөдөгү балык продукцияларын өндүрүү шарттарын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү. Талкуу жыйынтыгында балык чарбасы, балыкчылык жана суудагы биологиялык ресурстарды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзам долбоорлорун колдоо боюнча пикирлер арбын айтылып, айтылган сунуш-пикирлерди эске алынмай болду.


Ссылка: https://barometr.kg/balykchylyk-zhana-suudagy-biologiyalyk-resurstardy-korgoo-chjrsndg-myjzam-dolboorloru-boyuncha-tegerek-stol-tt



Добавить комментарий