Балыкчы шаарынын мэри болуп Марат Кудайбергенов шайланды
Бөлүшүү:
14-майда Ысык-Көл областынын Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.
26 жаштагы Марат Кудайбергенов “Замандаш” фракциясынан шайланды, 31 депутаттын 22си аны колдоп добуш берди.
Марат Кудайбергенов 1993-жылы туулган, Балыкчы шаарынын тургуну. Жусуп Баласагын атындагы КУУну "Финансы жана кредит" адистиги боюнча бүтүргөн.
Ссылка: https://barometr.kg/balykchy-shaarynyn-meri-bolup-marat-kudajbergenov-shajlandy
Добавить комментарий ×