Балдар дарыгерлер көчөгө таштап кеткен кишинин сөөгүнүн жанында ойноп жүрүштү

2 май 2019 16:25 16394 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиядагы Санкт-Петербург шаарындагы Киров районунда балдар көчөдө жаткан адамдын сөөгүнүн жанында ойноп жүрүштү. Бул тууралуу «Петербургский дневник» кабарлады.

Окуя аталган райондогу Стачек проспектисиндеги үйлөрдүн жанында болгон.

Соцтүйүндөрдө пайда болгон кардларда спорттук аянтын скверинде ак шейшеп жабылган адамдын жатканын көрүүгө болот, анын жанында балдар ойноп жүрөт.

 

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, тез жардам менен келген дарыгерлер эркек кишинин каза тапканын аныкташкан жана жана бетине шейшеп жаап коюп кетип калышкан. Тиешелүү кызматтар сөөктү өз убагында алып кеткен эмес. Каза тапкан адам үч сааттай көчөдө жатканы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/baldar-darygerler-kchg-tashtap-ketken-kishinin-sgnn-zhanynda-ojnop-zhrsht



Добавить комментарий