Баланын мурдун чукуй берүүнүн себептери

1 март 2022 11:49 6473 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ысык бөлмөдөгү кургак абадан баланын мурдунун былжырлуу катмары кургап, ичи ийкемдүүлүгүн жоготуп, кычышып баланын тынчын алат. Андан сырткары суук тийүүдөн, өнөкөт сасык тумоодон улам да бала мурдун чукуй берет. Ошондой эле оор психологиялык абал себеп болот. Мисалы, кызыктуу мультфильм көрүп жатканда берилип кетип мурдун чукуганын байкабай калат. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Зыяндуулугу: Мурун тешиги чоңоюп, кан агуу күчөп, көңүл буруусу жана активдүүлүгү бузулат. Окумуштуулардын айтымында, мурдун ашыкча чукуу балдарда Смит-Магенис синдромунун өнүгүшүнө, ринотеллексомания оорусунун пайда болушуна шарт түзөт.

Кантип арылуу керек?

– Балдар чоңдордон үлгү алгандыктан алгач өзүңүз жаман адаттардан алыс болуңуз. Болбосо бала сиздин кылганыңызды туура экен деп эсептеп кайталай берет.

– Балаңыздын мурун көңдөйлөрүн дайым таза кармаңыз.

– Бөлмөнү улам желдетип, 18-22 градус температурада сактаңыз.

– Эгер мурдуна бир нерсе тыгылып калса, дароо дарыгерге кайрылыңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/balanyn-murdun-chukuj-bernn-sebepteri



Добавить комментарий