Балалуу аялды унаасы менен сүзүп кеткен аскер адамы кызматтан четтетилди

28 август 2018 18:10 1001 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Балалуу аялды сүзүп кеткен «Кант» авиабазасынын аскер адамы кызматтан четтетилди. Бул тууралуу аталган жайдын аскер бөлүмүнөн билдиришти.  Маалым болгондой, кылмышка шектүүнүн канынан баңгизат жана алкоголдук зат чыккан жок. Учурда күнөөкөр көзөмөлдө турат. Аскер кызматкери тергөөнүн акырына чейин жумуштан четтетилди. Ал өзү кырсыкты кокустук деп баалоодо.   

Белгилей кетсек, кечээ 27-августта «Кант» авиабазасынын аскер адамы балалуу аялды сүзуп кеткен. Аял ооруканага жетпей каза болсо, анын 3 жаштагы баласы учурда оор абалда.

Ссылка: https://barometr.kg/balaluu-ayaldy-unaasy-menen-szp-ketken-asker-adamy-kyzmattan-chettetildi



Добавить комментарий